Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VII-сессиясы
2013-жылдын 26-декабры № 7/4
“Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө (Мамажан айылынын тургундарынан коллективдүү түшкөн арыздарын кароо боюнча)”
Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургундарынан коллективдүү түшкөн арыздарын социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияда карап 2013-жылдын 17-декабрында өткөрүлгөн комитеттин жыйынынын № 11 протоколун угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги VII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын Сай көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Зикиров Шамшинин аты берилсин.
2 Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|