Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-июлу № 116/14-6
“Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2014-жылдын 6 айынын аткарылышы жөнүндө”
Талас шаарынын 2014-жылдын 6 айынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышын карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Талас шаарынын 2014-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышын официалдуу трансферттерди жана атайын каражаттарды кошкондо кирешелер боюнча 49028,1 миң сом суммасында анын ичинде мамлекеттик салыктар жана жыйымдар 39570,7 мин сом көлөмүндө жана жалпы чыгашалар боюнча 41974,1 мин сом суммасында бекитилсин.
2. Талас шаарынын мамлекеттик салык кызматы боюнча башкармалыгынын башчысы ( Чынкожоев А.Т), Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы (Киргабаков.Т.С.) 2014- жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин киреше булагын аткарууну камсыз кылышсын.
3. Талас шаарынын биринчи вице- мэрине (Койчубеков.А.К.) жергиликтүү бюджеттин киреше булагын көбөйтүү боюнча көзөмөлдүктү күчөтүү жагы милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтом Талас шаардык «Жаны багыт» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Р. Мамбетов) тапшырылсын.
Талас шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Джузупбеков |