Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-июлу № 118/14-6
“Талас шаарынын 2014-жылга социалдык - экономикалык өнүктүрүү программасынын 2014-жылдын 6 айына карата аткарылышы жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө мыйзамынын 44-беренесинин 1 пунктунун 8 пунктчасына ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын шаарды социалдык -экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын 2014-жылдын 6 айына карата аткарылышы жөнүндө отчетун угуп, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенеши токтом кылат:
1.Талас шаарынын социалдык–экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын 2014-жылдын 6 айына карата аткарылышы “канааттандырарлык” деп табылсын.
2.Токтом Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
Талас шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Джузупбеков |