Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-июлу № 119/14-6
“Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун “Бишкек – Ош шаарларынын инфраструктурасын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Талас шаарында жүргүзүлгөн иштер жөнүндө”
АРИС программасынын “Бишкек – Ош шаарларынын инфраструктурасын өнүктүрүү” долбооруна Талас шаарынан 3 долбоор даярдалып жөнөтүлгөн. Алар; Талас шаарындагы жолдорду кесип өткөн сугат суу өтүүчү 10 даана трубаларды алмаштыруу, көп кабаттуу үйлөрдүн арасындагы таштанды таштоочу 3 түйүндү торчо менен курчоо жана К.Нуржанов аллеясынын батыш тарабына Оторбаев көчөсүнөн Манас көчөсүнө чейин тротуарга плиталарды төшөө.
Жогорудагы долбоорлор АРИС программасы тарабынан жактырылып, долбоорлорду ишке ашырууда тендердин негизинде жеке ишкер Домахин жеңүүчү болуп аныкталып, Талас шаардык мэриясы менен А.Домахиндин ортосунда 2013-жылдын 6-августунда BOUIP-ST-Talas-13-1 келишим түзүлгөн. Түзүлгөн келишимдин негизинде курулуш иштери 3 айлык мөөнөттө бүткөрүлүшү белгиленген. Бирок жеке ишкер А.Домахин тарабынан курулуш мөөнөттөрү жүйөөлүү себептердин негизинде кечиктирилгендигине байланыштуу эки тараптуу келишим 2014-жылдын 25-апрелине чейин узартылган.
Долбоордун алкагында аткарылган иштерге мониторинг жана баа берүү максатында атайын комиссия түзүлгөн.
Аталган долбоордун негизинде курулуш иштерине жалпы 2 264 293 сом каралса, анын ичинен 95 пайызын тактап айтканда 2 151 079 сом өлчөмүндө акча каражаты АРИС программасы тарабынан каржыланса, калган 5 пайызы 113 214 сом өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралган. Бүгүнкү күндө жогоруда аталган курулуш иштери толугу менен бүткөрүлүп, 2014-жылдын 10-апрелинде аткарылган иштер тууралуу акт түзүлүп АРИС программасына жөнөтүлгөн.
Долбоордун аткарылышы жөнүндө, Талас шаарынын биринчи вице-мэри А.Койчубековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Талас шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИС программасынын каржылоосу менен жасалган Талас шаарындагы жолдорду кесип өткөн сугат суу өтүүчү 10 даана трубаларды алмаштыруу, көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы таштанды таштоочу 3 түйүндү курчоо жана К.Нуржанов аллеясынын батыш тарабына Оторбаев көчөсүнөн Манас көчөсүнө чейин тротуарга плита төшөө иштери жөнүндөгү Талас шаарынын биринчи вице-мэри А.Койчубековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Кабыл алынган токтом шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Осмонов) тапшырылсын.
Талас шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Джузупбеков |