Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-июлу № 120/14-6
“Талас шаарында курулган имараттардын, курулуп жаткан обьектилердин жана убактылуу
коюлган павильондордун архитектуралык курулуш нормаларына жооп берүүсү жөнүндө”
Талас шаарынын Оторбаев көчөсүндөгү № 216-көп кабаттуу үйдүн тургундарынын кайрылуусунун негизинде жана Талас шаардык кенешинин 2014-жылга карата иш планына ылайык, “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери” боюнча туруктуу комиссиясынын Талас шаарында курулган имараттардын, курулуп жаткан обьектилердин жана убактылуу коюлган павильондордун архитектуралык курулуш нормаларына жооп берүүсү жөнүндө корутундусун карап, талкуулап чыгып, көп кабаттуу үйлөрдүн тегерегине курулган курулуш обьектилерди мыйзам талабына келтирүү максатында Депутаттардын Талас шаардык кенеши токтом кылат:
Талас шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн тегерегине курулган менчик ишканаларда архитектуралык курулуш нормалары сакталбай мыйзам бузууларга жол берилгендиги белгиленсин.
Талас шаарында курулган имараттардын, курулуп жаткан обьектилердин курулуш нормаларынын сакталышы жана убактылуу коюлган павильондорду мыйзам талабына келтирүүдө шаардык архитектура (Шайдиев.Ж.Т) тарабынан тиешелүү иш чаралар жүргүзүлбөгөндүгү эске алынсын.
Талас шаарынын архитектуралык генпланы иштелип чыкмайынча көп кабаттуу үйлөрдүн тегерегине кошумча курулуш куруу токтотулсун жана жеке менчик жер тилкелерине курулуш куруу берилген багыты боюнча пайдалануу жагы талап кылынсын.
Көп кабаттуу үйлөрдүн тегерегиндеги курулган соодо түйүндөрүнүн мыйзамдуулугун текшерип берүү жагы Талас шаардык прокуратурасына (А.Мамажакыпов) сунушталсын жана мыйзамсыз курулуштарга жол берген кызматкерлерге укуктук баа берилсин.
Талас шаардык мэриянын алдындагы “Курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча комиссиясы мыйзам чегинде Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”, “Мүлккө муниципалдык менчик” жөнүндө мыйзам беренелерине ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
Кабыл алынган токтом шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт,курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Осмонов) жүктөлсүн.
Талас шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Джузупбеков |