Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-июлу № 121/14-6
“Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2014-жылдын 20-февралындагы № 70/10-6 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде, 2014-жылдын жергиликтүү бюджетинен Талас шаардык кенешинин жалпы аппараты отурган кабинетин утурумдук ремонттоо жана жылытуу приборлорун орнотуу максатында бөлүнгөн 150 мин сом акча каражаты сметада көрсөтүлгөн жумуштун көлөмүнө жетпегенине байланыштуу жана Талас шаардык мэриясынын № 01-1/815 чыгыш сандуу катынын негизинде Талас шаардык мэриясынын административдик имаратын оңдоп -түзөө максатында, Депутаттардын Талас шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин аппараты олтурган кабинетти ремонттоо жана жылытуу приборлорун орнотуу максатында Депутаттардын Талас шаардык кеңешине 50 мин 275 сом акча каражаты - Талас шаардык кенеши аркылуу каржылансын.
- Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынынын административдик имаратын оңдоп-түзөө иштерине 34мин 725 сом акча каражаты -Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
2. Бөлүнгөн каражат Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “2013-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан суммасын бөлүштүрүү жөнүндө №70/10-6 сандуу токтомунун негизинде каралган унаа каражаттарын каттоо департаментине 85,0 мин сом мыйзам талаптарына ылайык берилбей калган сумманын эсебинен берилсин.
3. Талас шаардык каржы бөлүмүнүн башчысына (Ж.М.Ниязалиев) жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы милдеттендирилсин.
4. Талас шаардык мэриясынын бухгалтерине (С.К.Шатманова) бөлүнгөн акча каражаты менен тез арада камсыздоо жагы милдеттендирилсин.
5. Кабыл алынган токтом Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.М.Мамбетов) милдеттендирилсин.
Талас шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Джузупбеков |