Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-июлу № 122/14-6
“Талас шаардык футбол боюнча жаш өспүрүм балдардын
спорттук мектеби жөнүндө”
Талас шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2014-жылдын 13-июнундагы № 28 чыгыш сандуу катынын жана Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө мыйзамынын 31- беренесинин 2- пункттун 1- бөлүмүн жетекчиликке алып, Депутаттардын Талас шаардык кенеши токтом кылат:
1.Талас шаардык футбол боюнча жаш өспүрүм балдардын спорттук мектеби 2014-жылдан баштап республикалык бюджеттен каржыланганына байланыштуу жергиликтүү бюджеттен каржыланган Талас шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн тутумунан чыгарылсын .
2.Талас шаардык футбол боюнча жаш өспүрүм балдардын спорттук мектеби (ДЮСШ футбол ) катары юстициядан мамлекеттик каттоодон өтүүсүнө макулдук берилсин.
3.Кабыл алынган токтом Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Мамбетовго) тапшырылсын
Талас шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Джузупбеков |