Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-июлу № 124/14-6
“Талас шаарынын Оторбаев көчөсүнүн №2 дарегинин аймагында жайгашкан "Билимкана" Балдарга билим берүү борборунун имараттынын жер тилкесин К-2 коммуналдык аймагынан С-2 окуу жай аймагына өзгөртүү жөнүндө"
Талас шаарынын шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2014-жылдын 24-июлундагы №308 архитектуралык корутундусу, Талас шаарынын "Билимкана" Балдарга билим беруу борборунун 2014-жылдын 21-июлундагы жолдогон каты, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери" боюнча туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенеши токтом кылат:
1. Талас шаарынын Оторбаев көчөсүнүн №2 дарегиндеги “Билимкана” Балдарга билим берүү борборунун имаратты жайгашкан 4988,15 кв/м жер аймагын пайдалануу багыттын К-2 коммуналдык аймагынан С-2 окуу жай аймагына өзгөртүлсүн.
2. Кабыл алынган токтом Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери" боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Осмонов) жүктөлсүн.
Талас шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Джузупбеков |