ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 31-июлу № 128/14-6
“Талас шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын жетекчиси жөнүндө”
Талас жылуулук менен камсыздоо ишканасы Талас шаары боюнча 4,5 миң калк жайгашкан 44 көп кабаттуу үйлөрдү, 48 коммерциялык уюмдарды жана 9 бюджеттик мекемелерди жылуулук менен камсыздап, жалпы абоненттердин саны 1425ти түзөт. Ал эми 2014-2015-жылдардагы күз-кыш мезгилине 1700 тн. көмүр, 1500 тн.мазут керектелет.
Бирок, аталган ишкана бүгүнкү күндө ишти өз денгээлинде уюштура албай башкача айтканда, 2013-жылдын 6айына карата ишкананын жалпы кредитордук карызы 7 424,2 миң сомду түзгөн болсо 2014-жылдын 6 айында 11 850,3 сомду түзгөн. Анын ичинен социалдык фондго – 5 251,6 миң сом , электр энергияга - 4 518,6 миң сом , айлык маянага – 319,3 миң сом, айлана чөйрөнү коргоого - 43,2миң сом, кызмат көрсөтүүлөргө – 1 061,9 миң сомду түзгөн.
Ал эми жалпы дебитордук карыздар 2013-жылдын 6 айына карата 11 571,1 миң түзгөн болсо, 2014-жылдын 6 айында 10 899,8 сомду түзүп, анын ичинен калктыкы – 8 203,6 сом, бюджеттик жана жеке ишканалардыкы – 2 696,2 миң сомду түзөт.
Ишканада бүгүнкү күндө 2014-2015-жылдын күз кыш мезгилдерине карата даярдык иштери жүргүзүлбөй кредитордук карыздарынын көбөйүп кеткенине байланыштуу касса жана эсептик счетторуна арест коюлуп токтоп турат.
Жогорудагылардан улам, Талас шаардык кенешинин депутаттарынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенеши токтом кылат:
1.Талас шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасында орун алган кемчиликтер белгиленсин жана аны тез арада четтетүү жагы ишкананын жетекчисине (Ж.А.Төлөбаев) милдеттендирилсин.
2.Аталган ишканадагы белгиленген кемчиликтерди четтетүү жана 2014-2015-жылдын күз, кыш мезгилдерине карата даярдыктарды көрүү боюнча жоопкерчилигин күчөтүү жагы Талас шаарынын биринчи вице- мэрине (Койчубеков А.К.) милдеттендирилсин.
3.Кабыл алынган токтом Талас шаардык Жаны багыт газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.К.Осмонов) тапшырылсын.
Талас шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Джузупбеков |