Редакцияот 30.09.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XVI-сессиясы

 

2013-жылдын 30-сентябры №17/2

“Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү

социалдык объектилердин кышка

карата даярдыгы жөнүндө”

 

Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү мектептер, медпункт, бала бакча жана башка мекеме ишканалардын кышка карата даярдыгы жөнүндө айылдык Кеңештин депутаты Н.Сагынбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү мектептер , медпункт, бала бакча жана башка мекеме ишканалардын кышка карата отун –көмүр менен жетиштүү камсыз болгондугу канаатандырарлык деп белгиленсин..

2. Мекеме ишканалардын мештерин тазалап, эшик- терезелерин жылуулоо иштерин 25- октябрга чейин буткөрүү алардын жетекчилерине милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Садыковага тапшырылсын.

 

Кабылган-Көл айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ш.Акаев