Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XVI-сессиясы
2013-жылдын 30-сентябры №17/5
“Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн аймагында
жер жана мүлк салыктарын киргизүү
жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 31-беренесинин 3-бөлүгүнө жана “КРнын Салык Кодексин”колдонууга киргизүү жөнүндөгү 17-октябрь 2008-жылдагы №231 КРнын Законунун 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарына ылайык
Кабылан-Көл айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн аймагында 1-январь 2014-жылдан баштап жер салыгы жана мүлк салыгы колдонууга киргизилсин.
2.Бул токтомдо көрсөтүлгөн салыктарды жыйноо Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин негизинде жүргүзүлсүн.
3.Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн аймагында жер салыктарын эсептөө үчүн КЗ-зоналдык коэффициенти 0,9 белгиленсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүлсүн.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин пландоо жана бюджет боюнча комиссиянын төрагасы М.Кулмаматовго жана Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Садыковага милдеттендирилсин.
Кабылган-Көл айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш.Акаев |