Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-августу № 14/1
Өзгөн шаар мэриясынын 2014-жылдын 24-июнундагы №485 каты тууралуу
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген Өзгөн шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 24-июнундагы №485 катынын жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 16-июнундагы №52 токтомунун негизинде шаардык Кеңештин «Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш, энергетика жана курулуш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Ю. Тиллабаевдин маалыматын угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Өзгөн шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси Ж.Маткасымовго «Аалым Имам Сарахсий комплекси» долбоорунун 1-этабындагы курулуш иштери үчүн берилген 3 жеке менчик турак жай ээлеринин жер тилкелерин компенсациялоо, аларга кайрадан берилген жер тилкелерине ээлик кылуу укугун калыбына келтирүү жана аталган комплекстин долбоорунун алкагынын экинчи этабындагы иштерди ыкчам баштоо үчүн 5 турак жай ээлерине жер тилкесин ажыратып берүү боюнча мыйзам чегинде шаардын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш, энергетика жана курулуш боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Өзгөн шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Насиров |