Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-августу № 14/3
Өзгөн шаарынын бюджетинин 2014-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы боюнча Өзгөн шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы М. Розахуновтун отчету жөнүндө
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген жергиликтүү бюджеттин 2014-жылдын 6 айындагы аткарылышы жөнүндөгү маселе боюнча Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын протоколун жана М. Розахуновдун отчетун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жергиликтүү бюджеттин 2014-жылдын 6 айындагы аткарылышы жөнүндөгү Өзгөн шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы М. Розахуновдун отчету сессиянын отурумунун жүрүшүндө айтылган сын-сунуштарды эске алуу менен канааттандыраарлык деп табылсын.
2.Бюджеттин киреше бөлүгүнүн сапаттуу аткарылышын камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги менен жыл ичинде тактоо иштерин жүргүзүү Өзгөн шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы М. Розахуновко милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин «Бюджет, салык, инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Өзгөн шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Насиров |