Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-августу № 14/6
Өзгөн шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2014-жылдын 31-июлундагы №123 катынын негизинде жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2014-жылдын 6 айындагы ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча каражат бөлүү жөнүндө
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2014-жылдын 25-августундагы отурумунун №3 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2014-жылдын 6 айында ашыкча аткарылганынын эсебинен Өзгөн шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлеринин эмгек акысына жана соцфондко чегерүүгө 122000 сом кошумча каражат бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Өзгөн шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын сметасына өзгөртүүлөр киргизүү жана каражаттарды максаттуу пайдалануу жагын көзөмөлдөө каржы бөлүмүнүн башчысы М. Розахуновго милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Өзгөн шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Насиров |