Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-августу № 14/7
Өзгөн шаар мэриясынын 2014-жылдын 21-августундагы №615 каты жөнүндө
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) «Бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясынын 2014-жылдын 25-августундагы отурумунун №3 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январына калган 1827,2 миң сом калдык акчанын эсебинен проекттер менен иштөөгө жана кошумча иштерди аткарууга макулдук берилсин.
2. Өзгөн шаарынын социалдык өнүгүү программасындагы 2014-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесиндеги иштерди толук аткаруу үчүн Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2014-жылдын 6 айында ашыкча аткарылганын эсебинен кошумча 2754,2 ми ң сом каражат бөлүүгө макулдук берилсин.
3. Өзгөн шаарынын социалдык өнүгүү программасындагы 2014-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесине кошумча киргизилген иштерди бюджеттин киреше бөлүгүнүн мүмкүнчүлүгүнө карап аткарууга макулдук берилсин.
4. Бюджеттин те ңдигин сактоо жагын көзөмөлдөө каржы бөлүмүнүн башчысы М. Розахуновго милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык Ке ңешинин «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты боюнча» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Өзгөн шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Насиров |