Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-августу № 14/10
Өзгөн шаардык Кеңешинин депутаттары Тешебаев Хусанбайдын, Шаробидинов Абзалидиндин жана Тиллабаев Юлдашбайдын депутаттык ыйгарым укуктарын өз мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген «Өзгөн шаардык Кеңешинин депутаттары Тешебаев Хусанбайдын, Шаробидинов Абзалидиндин жана Тиллабаев Юлдашбайдын депутаттык ыйгарым укуктарын өз мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү» маселе боюнча Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2014-жылдын 25-августундагы отурумунун №2 протоколунун жана алардын арызынын негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык Кеңешинин депутаттары Тешебаев Хусанбайдын жана Шаробидинов Абзалидиндин шаар мэриясына муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу жана өздөрүнүн арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 22-берене 1-пунктуна, 24-берене 3-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү» Мыйзамынын 3-беренесине ылайык депутаттык ыйгарым укуктары өз мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Өзгөн шаардык Кеңешинин депутаты Тиллабаев Юлдашбай Кочкорович шаардык мэриянын алдындагы МММБ департаментинин директору болуп дайындалганы себептүү Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү» Мыйзамынын 3-берене жана 5-беренелерине ылайык депутаттык ыйгарым укуктары өз мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
3. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» Мыйзамынын 52-беренеси 2-3 пункттарына ылайык депутаттык мандат Ата-Мекен жана КСДП партиясынан Өзгөн шаардык Кеңешине депутаттыкка талапкерлер тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Өзгөн шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Насиров |