Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-августу № 14/11
“Өзгөн шаар мэриясынын 2014-жылдын 14-августундагы №599 жана 26-
августундагы №625 каттары”
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген Өзгөн шаарынын мэриясынын Өзгөн шаар мэриясынын 2014-жылдын 14-августундагы №599 жана 26-августундагы №625 каттарынын негизинде жана шаардык Кеңештин «Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш, энергетика жана курулуш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Ю. Тиллабаевдин маалыматын угуп талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринен жана элден депутаттарга түшкөн арыздарды эске алуу менен таксилердин шаар аймагындагы жол кире акысы убактылуу 10 сом өлчөмүндө калтырылсын.
2. Лицензия, патент алган, соцфонд төлөмдөрүн төлөгөн, такси деген белги менен жүргөн, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздай ала турган таксилер гана элге кызмат көрсөтүүсүн көзөмөлгө алууну тийиштүү органдарга сунушталсын.
3. Тийиштүү адистер менен кошумча изилдөө жүргүзүп, шаардык кеңешке билдирүү берүү жагы шаар мэриясына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Өнөр жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш, энергетика жана курулуш боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Өзгөн шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Насиров |