ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI заседаниеси
2014-жылдын 12-майы № 12/1
“Жошолу айыл өкмөтүндө жайыт комитетинин курамын кайрадан түзүү боюнча 06.05.2014-ж. № 10 протоколун бекитүү жөнүндө”
Жошолу айылдык Кеңешинин кезексиз заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жошолу айыл өкмөтүндө жайыт комитетинин курамын кайрадан түзүү боюнча 06.05.2014-ж. № 10 протоколунун бекитилсин.
2.Айыл окмөтүндө жайыт комитетинин 2014-жылга карата түзүлгөн бюджети жана жайыттын төлөмү ар бир бодо малга 50 (элүү) сом, кой-эчкиге 10 ( он) сом, ал эми сырттан келген ар бир бодо малга 100 ( жүз) сом, кой-эчкиге 20 ( жыйырма) сом болуп белгиленсин.Жалпы бюджет 170 000 ( жүз жетимиш миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3.Айыл аймагына сырттан келген кой-эчки, бодо малдар көзөмөлгө алынып, малдын ден-соолугу боюнча маалыматтар такталып, жайыт пайдалануучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жайыттык төлөмдөрдү тактоо боюнча жеткиликтүү иш-чаралар жүргүзүлсүн.
4.Айыл аймагында жайыт комитети өз иш аракетин жайыт пайдалануучулар менен Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнүндө мыйзамына жана айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин типтүү жобосуна ылайык иш алып барышсын.
5.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы А.Мамасалиевге жана айыл өкмөтүнүн тийиштүү адистерине милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Өмүрзаковго жүктөлсүн.
Жошолу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Алдашев
|