ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI заседаниеси
2014-жылдын 12-майы № 12/2
“Осоавиахим айылында жайгашкан мечитке «Гердегей айылдык мечити» наамын берүү жөнүндө”
Осоавиахим айылынын жалпы элдик жыйынынын токтомун жана Жошолу айылдык Кенешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап чыгып , талкуулап
Жошолу айылдык Кеңешинин кезексиз заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Осоавиахим айылында жайгашкан мечитке « Гердегей айылдык мечити» наамын берүү жөнүндө Осоавиахим айылынын жалпы элдик жыйынынын 06.05.2014-ж. № 2 протоколу жактырылсын. (тиркеме тиркелет).
2.Осоавиахим айылында жайгашкан мечитке жалпы элдик жыйындын чечимин эске алып, «Гердегей айылдык мечити» наамы берилсин.
3.Мечитке « Гердегей айылдык мечити» наамын берүү жөнүндөгү айылдык кеңештин чечими тийиштүү уюмдарга жана мекемелерге билдирилсин жана каттоодон өткөрүп берүү жагы суралсын.
4.«Гердегей айылдык мечитинин» техникалык жана башка абалы боюнча кам көрүп туруу жагы аталган айылдын тургундарына жана башка атуулдарга сунушталсын.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жошолу айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жошолу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Алдашев
|