Редакцияот 12.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI заседаниеси

 

2014-жылдын 12-майы № 12/4

“Жеке менчик мүйүздүү малдарды жана кой-эчкилерди эмдөөдөгү кан алуудагы эмгек акыларды бекитүү жөнүндө”

Жошолу айылдык Кеңешинин кезексиз заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ош областтык фито-санитардык жана ветеринардык дирекциянын 17.04.2014-ж. № 21 буйругуна ылайык Жеке менчик мүйүздүү малдарга жана кой-эчкилерге мыйзам чегине ылайык эмдөө үчүн эмгек акы чектелсин.

2. Ар бир кой-эчкиге эмдөө үчүн 15 (он беш) сом, кан алуу үчүн 20(жыйырма) сом өлчөмүндө, жылкыга жана ири мүйүздүү малдарга эмдөө үчүн 25 (жыйырма беш) сом, кан алуу үчүн 30(отуз) сом өлчөмүндө эмдөө вет.кызматкерлер аркылуу жүргүзүлөөрү белгиленсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ветинспекторуна милдеттендирилсин.

 

Жошолу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К.Алдашев