Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 17-июлу № 30
“Айыл чарба багытындагы болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын зоналык коэффицентинин жана мүлк салыгынын коэффицентин бекитип берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесине ылайык айыл чарба багытындагы эмес жерлерге төлөнүүчү жер салыгынын ставкалары КЗ экономикалык пландалуучу зоналар үчүн зоналык коэффицентинин мааниси айылдык Кенеш тарабынан калктуу конуштун экономикалык-пландоо зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша жылына бир жолудан көп эмес 0,3 төн 1,2 чейинки өлчөмдө белгиленет.
Жогоркуларды эске алып Эл депутаттарынын Барскоон айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барскоон айыл аймагында жер салыгы жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча салыктын түрлөрү 1-январь 2014-жылдан баштап Барскоон айыл аймагында ишке кирсин.
2. Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын зоналык коэффицентин жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча коэфиценти КЗ1 коэффиценти менен бекитилсин.
3. Салыктын КЗ1 коэфиценти менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эшмамбетовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык кенештин алдындагы финансы экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Барскоон айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Чекиров
|