Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-сентябры № 33
“Даркан айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер салыгынын,мүлк салыгынын 1,2,3 топторун киргизүү жана калктуу конуштарынын жерлерин,айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн мүлк салыгынын 1,2,3 группалары боюнча экономикалык пландоо зоналарынын өзгөчөлүгүнө зоналык коэффицентти бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 17.10.2008-жылдагы «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин ишке киргизүү жөнүндө мыйзамынын 3-беренесине ылайык 1-январь 2014-жылдан баштап,жер салыгын жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча өкмөтүнүн ичинде ишке киргизүү жагы айылдык кещештер тарабынан жүргүзүлө тургандыгын эске алып, Даркан айылдык кещеши токтом кылат:
1. Даркан айыл аймагында жер салыгы жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча салыктын түрлөрү 1-январь 2014-жылдан баштап Даркан айыл аймагында ишке киргизилсин.
2. Жер салыгынын жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча эсептөө,чогултуу жана өндүрүү жактары Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык аткарылсын.
3. Айыл аймагында финансы-экономика бөлүмдүн башчысы.башкы бухгалтер жана салык кызматкерилери тарабынан жер салыгы жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча обьектилерди салык базасына толук киргизүү боюнча жооптуу деп табылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси 339-беренесине ылайык айыл чарба багытындагы эмес жерлерге төлөнүүчү жер салыгынын ставкалары КЗ экономикалык пайдалануучу зоналар үчүн зоналык коэффицентин колдонуу менен дифференцияланат,ошол себептен КЗ зоналык коэффиценттин мааниси жергиликтүү кещештер тарабынан калктуу конуштун экономикалык пландоо зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша үстүндөгү жылдын 1-октябрынан кеч эмес мөөнөттө жылына 1 жолудан көп эмес 0,3 төн 1,2 чейин өлчөмдө белгиленет.Даркан айыл кещешинин сессиясынын калктуу конуштарынын жерлерин жана айыл чарба багытындагы болгон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын зоналык коэффицентин жана мүлк салыгынын 1,2,3 группалары боюнча зоналык коэффиценти Даркан айыл өкмөтү боюнча 1,0 бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Барскоон айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Чекиров
|