Загрузка документа…
АЛДАШЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-ноябры № 85
“Саруу айыл өкмөтүнүнү аймагындагы жер салыгы, мүлк салыгын 1,2,3 топторун киргизүү жана калктуу конуштарынын жерлерин, айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн, мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча экономикалык пландоо зоналарынын өзгөчөлүгүнө зоналдык коэфицент бекитүү жөнүндө”
Саруу айыл өкмөтүнүнү аймагындагы жер салыгы, мүлк салыгын 1,2,3 топторун киргизүү жана калктуу конуштарынын жерлеринин, айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн, мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча экономикалык пландоо зоналарынын өзгөчөлүгүнө зоналдык коэфицент бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 17.10.2008-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү” Мыйзамынын 3 беренесине ылайык 1-январь 2014-жылдан баштап жер салыгынын жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча айыл өкмөтүнүн ичинде ишке киргизүү жагы айыл кенештери тарабынан жүргүзүлө тургандыгын эске алып Алдашев Айыл кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Саруу айыл аймагындагы жер салыгы жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча салыктын түрлөрү 1-январь 2014-жылдан баштап Саруу айыл аймагында киргизилсин.
2. Жер салыгынын жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча эсептөө чогултуу жана өндүрүү жактары Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык аткарылсын.
3.Айыл аймагындагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы, башкы бухгалтер жана салык кызматкерлери тарабынан жер салыгы жана мүлк салыгынын 1,2, 3 топтору боюнча обьектилерди салык базасына толук киргизүү боюнча жооптуу деп табылсын.
4.Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339 беренесине ылайык айыл чарба багытындагы эмес жерлерге төлөнүүчү жер салыгынын ставкалары КЗ экономикалык пландалуучу зоналар үчүн зоналык коэфицентин колдонуу менен дифференцияланат, ошол себептен зоналык коэфиценттеринин мааниси жергиликтүү кенештер тарабынан калктуу конуштун экономикалык пландоо зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша үстүдөгү жылдын 1-октябынан кеч эмес мөөнөттө жылына 1 жолудан көп эмес 0,3 төн 1,2 чейинки өлчөмдө белгиленсин.
5.Калктуу конуштарынын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын зоналык коэфиценттин жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча зоналык коэфиценти Саруу айыл өкмөтү боюнча К 1 бекитилсин.
6. Токтомду юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп, салык кызматына тиешелүү мекемелерге тааныштыруу жагы айыл өкмөтүнүн юристи Ж.Маткеримовага милдеттендирилсин.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кенешинин мыйзамдуулук жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Алдашев айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Д.Абдрахманов
|