Загрузка документа…
ТАМГА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-сентябры № 14
“Тамга айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер салыгын, мүлк салыгын 1,2,3 топторун киргизүү жана калктуу конуштарынын жерлерин, айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн, мүлк салыгынын 1,2,3 группалары боюнча экономикалык-пландо зоналарынын өзгөчөлүгүнө зоналдык коэффицентин бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 17.10.2008-жылдагы «Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндө мыйзамынын 3-беренесине ылайык 1-январь 2014-жылдан баштап, жер салыгын жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору, боюнча айыл өкмөтүнүн ичинде ишке киргизүү жагы, айылдык кеӊештер тарабынан жүргүзүүлө тургандыгын эске алып, эл депутаттарынын Тамга айылдык кеӊешинин XXVI чакырылышынын V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Тамга айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер салыгы жана мүлк салыгын 1,2,3 топтору боюнча түрлөрү 1-январь 2014-жылдан баштап, Тамга айыл аймагында ишке киргизилсин;
Жер салыгынын жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча эсептөө, чогултуу жана өндүрүү жактары Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык аткарылсын.
Айыл аймагында финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы, башкы бухгалтер жана салык кызматкерлери тарабынан жер салыгы жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча объектилерди салык базасына толук киргизүү боюнча жооптуу деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339 беренесине ылайык айыл чарба багытындагы эмес жерлерге төлөнүүчү жер салыгынын ставкалары КЗ экономикалык-пландалуучу зоналар үчүн зоналык коэффицентин колдонуу менен дифференцияланат, ошол себептен К зоналык коэффицентин мааниси жергиликтүү Кеӊештер тарабынан калктуу конуштун экономикалык-пландоо зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша үстүдөгү жылдын 1-октябрынан кеч эмес мөөнөттө жылына 1 жолудан көп эмес 0,3 төн 1,2 чейинки өлчөмүндө белгиленет. Эл депутаттарынын айылдык кеӊешинин сессиясынан калктуу конуштарынын жерлерин жана айыл чарба багытындагы болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын зоналык коэффиценти Тамга айыл өкмөтү боюнча КЗ 1 болуп бекитилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык кеӊештин алдындагы финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тамга айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Оторбаев
|