Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-майы № 3
“Көчөнүн аталышын бекитүү жөнүндө”
Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин IX-сессиясында элдик чогулуштун токтомдору каралып, көчөнүн аталышын белгилөө маселеси талкууланды. Талаа, Ак-Суу айылдарынын тургундары кол коюп макулдук беришкен. Элдик чогулуштун токтомунун негизинде Кызыл-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үнкүр айылындагы көчөнүн аталышы Маканбаев Султан атындагы көчө деп белгиленсин.
2. Көчөнүн чыгыш тарабы Эргешалиев Сулаймандын, батыш тарабы Абдурасулов Абдраимдин үйүнө чейин Маканбаев Султан атындагы көчө деп бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан көмөк көрсөтүүсүн сурайбыз.
Кызыл-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Нышанбаев |