Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-майы № 1
“Депутаттын мандатын кайтарып алуу жөнүндө”
Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин V-чакырылышынынын X-сессиясында айылдык Кеңештин төрагасы М. Нышанбаев тарабынан депутаттардын тартип маселесине сын-пикирлер айтылды.
Депутат Ысаков Садырбектин айылдык кеңештин сессияларына себепсиз катышпагандыгы жана ал бүгүнкү күндө Бишкек шаарына үй-бүлөөсү менен көчүп кеткендиги төрага тарабынан билдирилди. 24.12.2013-жылы VII- сессияга, 27.02.2014-жылы VIII – сессияга, 15.05.2014-жылы IX-сессияга, 25.05.2014-жылы X-сессияга себепсиз катышпагандыгы жана 2013-жылы август айында С. Ысаковдун Бишкек шаарына көчүп кеткендиги депутаттар тарабынан талкууланды. Депутаттар С. Ысаковдун депутаттык мандаатын кайталып алуу сунушун беришти. Мыйзамдын 24-беренесинин 7-пунтуна таянып, Кызыл-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ысаков Садирбек айылдык Кеңешинин сессияларына, отурумдарына, себепсиз катышпагандыгы үчүн Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин депутаттыгынан чыгарылсын.
Ысаков Садирбектин депутаттык мандатын кайтарып алуу жагы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Кызыл-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Нышанбаев |