Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-майы № 2
“Жер аянтын убактылуу ажыратып берүү жөнүндө"
«Мэджик-Колорс» ЖЧК кириш №153 27-май 2014-жылдагы катынын жана ишкана директору Сыдыров Талгат Равшановичтин арызынын негизинде келип түшкөн маселени карап, талкуулап Кызыл-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Мэджик-Колорс» ЖЧКго Таш-Короо жана Талды – Конуш участкасынан 13,0 (он үч) га жер аянты көмүр кенин казуу үчүн үч жылдык мөөнөт менен убактылуу берилсин.
2. “Мэджик-Колорс” ЖЧКнун жетекчиси Сыдыков Талгат Равшановичтин арызынын негизинде көмүр сактоочу жай үчүн Арасай участкасынан 1,0 (бир) га жер тилкеси үч жылдык мөөнөт менен убактылуу берилсин.
3. Керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө каттоо башкармалыгынан суралсын.
Кызыл-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Нышанбаев |