Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-майы № 11
“Чечимди жокко чыгаруу жөнүндө”
Кара-Суу райондук прокуратурасынын чыгыш №11-35-735-14 сандуу 19.05.2014-жылдагы кириш №145 21.05.2014-жыл иш кагазынын негизинде Кызыл-Суу айылдык Кеңештин депутаттары айылдык Кеңештин кабыл алган №5 токтомунун 5 пунктун 27.02.2014-жылдагы карап чыгышты. Анда «жыл ичинде айыл өкмөтүнүн башчысына айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүктөрүнө айрым өзгөтүүлөрдү киргизүүгө уруксат берилсин» деген укук негизсиз каралганы талкууланды.
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүдөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине, 47-беренесинин 2-пунктуна, 50-беренесинин талаптарына каршы келгендиктен Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин депутаттарынын 2014-жылдын 27-февралындагы №5 токтому 5-пунктун жокко чыгаруу жөнүндө Кызыл-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Суу айылдык Кеңешинин депутаттынын 2014-жылдын 27-февралындагы №5 токтомунун 5-пункту колдонуудагы мыйзам талаптарын бузуу менен кабыл алынгандыктан, жокко чыгарылсын.
2. Кызыл-Суу айылдык Кеңеши жана Кызыл-Суу айыл өкмөтү өз компентациясына кирген укуктук мыйзамдарды мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүүсү эске алынсын.
3. Кара-Суу райондук прокуратурасында каралган маселенин жыйынтыгы боюнча маалымат берүү жагы жооптуу катчы А. Субановго тапшырылсын.
Кызыл-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Нышанбаев |