Редакцияот 30.08.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ырыс айылдык Кеңешинин XI сессиясы

 

2014-жылдын 30-августу № 13/6

“Ырыс айыл аймагындагы көчөлөргө

наам ыйгаруу жөнөндө”

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын негизинде Ырыс айыл Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун токтом долбооруна таянып жана Ырыс айыл аймагынын Чымчык-Жар айылынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде, Ырыс айыл Кеңешинин 30.08.2014-жылдагы XIII сессиясында депутаттар талкуулап Ырыс айыл Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аймактагы аты жок көчөлөргө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун токтомунун негизинде татыктуу инсандардын аты ыйгарылсын:

Чымчык-Жар айылындагы өзү жашап өткөн, аты жок көчөгө Усенов Токтогулдун аты ыйгарылсын.

2. Аты ыйгарылган көчөнүн тазалыгын сактоо, көрктөндүрүү жана көчөнүн атын жазуу, номерлөө балдарына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын уюштуруу жагы айыл өкмөтунун тийиштуу бөлүм жана адистерине, ал эми көзөмөлдөө жагы айыл Кеңешинин тийиштуу туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

4. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Ырыс айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Атакулов Т.М