Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ырыс айылдык Кеңешинин XI сессиясы
2014-жылдын 4-ноябры № 14/1
“Ырыс айыл өкмөтүнүн 2014-жылда жергиликтүү жамааттын социалдык экономикалык өнүгүүсү жана калкты социалдык жактан коргоо программасы боюнча 9 (тогуз) ай ичинде аткарган иштери жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндөгү» «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» мыйзамдарын жетекчиликке алып, Ырыс айыл Кеңешинин бюджет, финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун токтом долбооруна таянып депутаттар талкуулап, Ырыс айыл Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ырыс айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 9 (тогуз) ай ичинде Ырыс айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана калкты социалдык жактан коргоо программасы боюнча аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ырыс айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Атакулов Т.М |