Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ырыс айылдык Кеңешинин IV сессиясы
2014-жылдын 4-ноябры № 14/2
“Сузак районунун айыл кеңештеринин
арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүү
жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын негизинде Ырыс айыл Кеңешинин социалдык маселелер жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун токтом долбооруна таянып, сессияда депутаттар талкуулап Ырыс айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «2014-жыл Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жылына» карата, Ырыс айыл өкмөтүнө аты ыйгарылган Ырыс Кудайбердиеванын 100 (жуз) жылдыгына жана Ырыс айыл аймагынан чыккан 5 (беш) Социалисттик Эмгектин Баатырларынын элесине арнап, Сузак районунун айыл кеңештеринин арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлсүн.
2. Волейбол мелдешин өткөрүү боюнча курамы 14 (он төрт) депутаттан турган уюштуруу комиссиясы түзүлсүн. Комиссияга мелдештин жобосун иштеп чыгуу, уюштуруу, жана финансылык жагын чечуу маселелери жуктолсун .
3. Уюштуруу комиссиясынын сунушунун негизинде мелдешти уюштуруу боюнча каржы жана мелдеш өткөрүлүүчү спорт аянтчаларын даярдоо, келген командаларды тосуп алуу жана башка маселелерин камсыз кылуу жагы айыл өкмөтунун башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Кеңешинин бюджет экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ырыс айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Атакулов Т.М |