Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ырыс айылдык Кеңешинин IV сессиясы
2014-жылдын 4-ноябры № 14/3
“Кабыл алынуучу ченемдик укуктук
актыларын мамлекеттик, зарыл болгон учурда
расмий тилде кабыл алуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы № 184-токтомун, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» мыйзамын жетекчилике алып, Ырыс айыл өкмөтүнүн 03.11.2014-жылдагы № 514 Сунушун, 04.11.2014-жылдагы сессиясында депутаттар талкуулап Ырыс айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылары мамлекеттик, зарыл болгон учурда расмий тилде кабыл алынсын.
2. Кабыл алынган токтомдорду каттоо, тариздөө жана керектүү иш аракеттерди жүргүзүү менен Мамлекеттик Реестрге киргизүү милдети айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ырыс айыл Кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Кочкоровко тапшырылсын.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ырыс айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Атакулов Т.М |