Загрузка документа…
СЕМЕНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-июну № 6
“Айыл чарба багытындагы жерлер, калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн 2014-жылга инфляциянын коэффициенти 1,040 өлчөмүндө бекитүү жөнүндө”
Семеновка айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т. Турдакуновдун маалыматын угуп жана талкуулап, Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Семеновка айыл өкмөтүнүн тургундарынын сунуш-талабына ылайык жана курулуш иштерин жүргүзүү максатында көл жээгиндеги № 676 контурундагы кум карьери ишке киргизилсин.
2. Семеновка айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан көл жээгиндеги № 676 контурундагы кум карьерин ишке киргизүү үчүн керектүү укук күбөлөндүрүүчү иш кагаздары менен камсыз кылуу жагы КР Жаратылышты коргоо жана геология боюнча мамлекеттик агенттигинен суралсын.
3. Токтомдун аткарылышы Семенов айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т. Турдакуновго милдеттендирилсин.
4. Бул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңештин төрагасы Т. Бугубаевге жүктөлсүн .
Семенов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Бугубаев |