Редакцияот 11.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Семенов айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын IX-сессиясы

 

2014-жылдын 11-марты № 14

“Семеновка айыл өкмөтүнө Ысык-Көл районунун ДЭП-7 жол тейлөө мекемесине асфальт заводун курууга жер берүү жөнүндө”

Семеновка айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Турдакуновдун маалыматын угуп жана талкуулап , Семеновка айыл өкмөтүнө Ысык-Көл районунун ДЭП-7 жол тейлөө мекемесинин 22.01.2014 – жылдагы кайрылган катына ылайык Семенов айылдык аймагынын айылдык Кенеши төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. ДЭП-7ге Семеновка айыл Өкмөтүнүн №_____контурунан асфальт заводун иштетүүгө таштак жерден 5 га жер тилкеси макулдашылган келишимдин негизинде 49 жылга ижарага берилсин.

2. Бул Токтомдун аткарылышы Семенов айыл өкммөтүнүн башчысы А.Т.Турдакуновго милдеттендирилсин

 

Семенов айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т.Бугубаев