Загрузка документа…
СЕМЕНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-апрели № 4
“Жайыт комитетинин 2013-жылдагы ишинин аткарылышы жана 2014–жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө”
Семенов айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) төрагасы
Ж . Чокоевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жайыт комитетинин төрагасы Ж. Чокоевдин Жайыт комитетинин 2013-жылдагы
ишинин аткарылышы жана 2014 – жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө маалыматы жактырылсын .
2. Семенов айыл аймагындагы ЖПБ нын 2014 - жылга карата бюджети бекитилсин .
3. Семенов айыл аймагы боюнча жайыт акысы төмөндөгүдөй тартипте бекитилсин :
- бодо уй – 35 сомдон
- жылкы - 35 сомдон
- кой-эчки – 8 сомдон
Сырттан келген малдарга:
- бодо уй- 60 сом
- жылкы- 60 сом
- кой-эчки- 16 сомдон
4. Менчик айдоо аянттарына (күздүккө, бедеге) кароосуз кирген малдардан келтирген чыгымды калыбына келтирүү жагы жер ээлеринин арызынын негизинде айылдык аксакалдар сотунда каралсын.
5. Айыл аймагындагы малчылардын көчүү – конуу тартиби төмөндөгүдөй бекитилсин :
- 1-майга чейин Кырчын жайлоосуна
- 1-июнга чейин Кырчындын түзүнөн алыскы жайыттарга
- 1 - октябрдан баштап жайлоодон кыштоого көчүрүлсүн .
6. Токтомдун аткарылышы жайыт комитетинин төрагасы Ж. Чокоевге жүктөлсүн .
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семенов айыл өкмөтүнүн жер комиссиясына милдеттендирилсин жана комиссия менен жайыт комитети бирдикте иш алып барылсын.
8. Жайыт комитетинин төрагасынын эмгек акысы 3 500 сом болуп белгиленип, бухгалтер алынганча , бухгалтердин иши жайыт комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
Семенов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Бугубаев |