Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-октябры № XVII-4
“Ноокат шаарынын имаратына суу түтүкчөсүн орнотуу үчүн жана даараткананын проект сметасы үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө”
Ноокат шаарынын имаратына суу түтүкчөсүн орнотууга, даараткананын проект сметасына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү маселени карап жана Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын талкуулап, Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын имаратына суу түтүкчөсүн орнотуу үчүн сметага ылайык 15 375 (он беш мин үч жүз жетимиш беш ) сом, даараткананын проект сметасы үчүн 15 000 (он беш мин) сом жалпысы болуп 30 375 (отуз мин үч жүз жетимиш беш ) сом акча каражаты 9-айдын жыйынтыгы менен бюджетке ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен субсидия статьясынан ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|