Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-октябры № XVII-5
“Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Ноокат райондук бөлүмүнүн административдик имаратынын жылытуу системасын реконструкциялоого жана кошумча чарбалык курулуштарды жасоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө”
Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Ноокат райондук бөлүмүнүн административдик имаратынын жылытуу системасын реконструкциялоого жана кошумча чарбалык курулуштарды жасоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү маселени карап жана Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын талкуулап, Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Ноокат райондук бөлүмүнүн административдик имаратынын жылытуу системасын реконструкциялоого жана кошумча чарбалык курулуштарды жасоо үчүн 50 000 (элүү мин) сом акча каражаты 9-айдын жыйынтыгы менен бюджетке ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен субсидия статьясынан ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|