Редакцияот 28.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын XVII-сессиясы

 

2014-жылдын 28-октябры № XVII-8

“Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментинин 2014-жылдын 4 кварталына кошумча бюджетин бекитүү жөнүндө”

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментинин 2014-жылдын 4 кварталына кошумча бюджетин бекитүү боюнча Ноокат шаардык кеөешинин муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, байланыш, экология суу менен камсыз кылуу, жылуулук берүү жана агрардык маселелер боюнча комиссиясында талкуулап, карап чыгып Ноокат шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаар мэриясынын алдында түзүлгөн муниципалдык менчик департаментинин мүлктөрүн сатуудан жана ижарага берүүдөн, салык эмес кирешелерден түшкөн акча-каражаттарынын көлөмү 2014-жылдын 4 кварталына жана башка чыгымдар сатьясына 30 000 (отуз миө) сомго, субсидия статьясына 1 320 000 (бир миллион үч жүз жыйырма миө) сом жалпысы болуп 1 350 000 (бир миллион үч жүз элүү миө) сомго бекитилсин.

2.Муниципиалдык менчик департаментинин 2014-жылдын 4 кварталына карата кошумча чыгашалар сметасы 1 350 000 (бир миллион үч жүз элүү миө) сомго бекитилсин.

3.Ноокат шаар мэриясынын ФЭБ башчысы М.Нарматовго чыгаша жана кирешелердин аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлгө алуу жагы тапшырылсын.

4.Ноокат шаар мэриясынын башкы эсепчисине ай сайын муниципиалдык менчик департаментинин финансылык иштери боюнча отчет берип туруу муниципиалдык менчик департаментинин эсепчиси Н.Абдурахмановго милдеттендирилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, байланыш, экология суу менен камсыз кылуу жылуулук берүү жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ноокат шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Гафаров