Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-октябры № XVII-9
“Ноокат шаарынын тургундарына тиешелү болгон турак-жайлардын багытын өзгөртүү жөнүндө”
Ноокат шаарынын тургундарына тиешелү болгон турак-жайлардын багыты коммерциялык дүкөн, коммерциялык медициналык элге кызмат көрсөтүү тармагы деп өзгөртүү киргизүүнү суранып жазган Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин катын жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, суралган жерлердин пайдалануу багытына өзгөртүү киргизүү максатында Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарынын Ош көчөсүнүн тургуну Миралиев Мирмахмуд Мирхосиловичке тиешелү 1200 чарчы метр болгон турак-жайынын ичинен 30 чарчы метр жер тилкесинин багыты коммерциялык дүкөн деп өзгөртүлсүн.
2.Ноокат шаарынын тургуну Нуртожиев Шавкат Камилжановичке тиешелүү болгон Ноокат шаарына караштуу Ошская көчөсүндөгү 2067,42 чарчы метр турак-жайынын ичинен 1341,39 чарчы метр жер тилкесинин багыты коммерциялык медициналык элге кызмат көрсөтүү тармагы деп өзгөртүлсүн.
3.Жогорудагы аталган атуулдардын жер-тилкесинин пайдалануу багытынын аталышына өзгөртүү киргизүү үчүн документтерин даярдоо жагы Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|