Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-октябры № XVII-10
“Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин жылытуу системасын ремонттоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө”
Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин жылытуу системасын ремонттоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын талкуулап, Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин жылытуу системасын ремонттоо үчүн түзүлгөн сметага ылайык 77 500 (жетимиш жети мин беш жуз) сом акча каражаты 9 айдын жыйынтыгы менен бюджетке ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен субсидия статьясынан ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|