Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-октябры № XVII-11
“Ноокат шаар мэриясынын жаны имаратынын кызматтык кабинеттерге даярдалып тигилип илинген айнек пардаларды (жалюзилерге) жасаган иштери үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө”
Ноокат шаар мэриясынын жаны имаратынын кызматтык кабинеттерге даярдалып тигилип илинген айнек пардаларды (жалюзилерге) жасаган иштери үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү маселе боюнча Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын талкуулап, Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ноокат шаарынын аймагындагы жеке ишкер Абдуллаева Ханифага Ноокат шаар мэриясынын жаны имаратынын кызматтык кабинеттерге даярдалып тигилип илинген айнек пардаларды (жалюзилерге) жасаган иштери үчүн 28 000 (жыйырма сегиз мин) сом акча каражаты 9 айдын жыйынтыгы менен бюджетке ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен субсидия статьясынан ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|