КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVII сессиясы
2014-жылдын 31-октябры № 01-05/116
“Билим берүү мекемелери жөнүндө”
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин кезектеги XVI сессиясынын № 01-01/77 токтому менен бекитилген, шаардык Кеңештин 2014-жылга карата түзүлгөн иш-планынын 5-пунктундагы билим берүү мекемелеринин абалы боюнча, шаардык Кеңештин «Саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 33-44-беренелерине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматы эске алынсын.
2. Шаар аймагындагы билим берүү мекемелеринин абалы «канааттандырарлык» деп табылсын.
3. «М.И.Губкин» атындагы № 14чү жана «Ч.Айтматов» атындагы № 28чи орто мектептердин алдындагы аянтчаларга асфальт төшөөнү 2015-жылдын бюджетинен эске алуу жагы мэр К.М.Эгембердиевге сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Артыков |