Редакцияот 31.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVII сессиясы

 

2014-жылдын 31-октябры № 01-05/119

“Социалдык объектилердин 2014-2015-

кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө”

 

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясынын № 01-01/77 токтому менен бекитилген, шаардык Кеңештин 2014-жылга түзүлгөн иш планынын 12-пунктунда белгиленген 2014-2015-жылдарда кышка карата даярдык көрүүдө шаардык мэриянын жана анын тармактарынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалыматын угуп талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-33-44-беренелерине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматы жактырылсын.

2. Комиссиянын курамы тарабынан айтылган кемчилдиктер эске алынсын.

3. Кочкор-Ата шаарынын аймагында жайгашкан «Ш.Үтөбаев» атындагы балдар музыкалык мектебинин жылытуу системасын, жаратылыш газы менен жылытууну «Кыргызнефтегаз» ААКнун жетекчилери менен биргеликте 2014-жылдын 01-декабрына чейин тездетип чечүүнү  шаардын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңешинин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.

 

Кочкор-Ата шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б.Артыков