Редакцияот 31.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVII сессиясы

 

2014-жылдын 31-октябры № 01-05/125

“Кочкор-Ата шаарынын мэри

К.М.Эгембердиевдин кайрылуусу жөнүндө”

 

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэрии К.М.Эгембердиевдин, № 15 «Беки уулу Семетей» атындагы орто мектептин имаратынын ремонтуна 700 000(жети жүз миң) сом акча каражаты жетпей калгандыгын жана ушул сумманы 2014-жылдын бюджетинин эсебинен карап берүүгө жазган кайрылуу катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 41-44-беренелерине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин 2014-жылдын 31-октябрындагы № 01-23/635 сандуу каты эске алынсын.

2. «Беки уулу Семетей» атындагы № 15 орто мектебинин имаратынын ремонтуна жетпей калган 700 000(жети жүз миң) сом акча каражатын мыйзамга карама-каршы келбеген булактардан тийиштүү акча каражаты менен камсыз кылууну, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Кочкор-Ата шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б.Артыков