Редакцияот 31.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVII сессиясы

 

2014-жылдын 31-октябры № 01-05/126

“Электр энергиясынын лимитин

түзүү жана электр энергиясын өчүрүүгө түзүлгөн график жөнүндө”

 

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн электр энергиясына киргизилген чектөөлөргө байланыштуу, Кочкор-Ата шаардын аймагындагы калктын жашоо турмушунун тутумун жакшыртууну уюштуруу, шаардын калкынын пайдаланган электр энергиясынын лимитин түзүү жана электр энергиясын өчүрүүгө түзүлгөн график боюнча өз маалында өчүрүп туруу маселелерин карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 18-31-41-44-беренелерин жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаар калкынын пайдаланган электр энергиясынын бир күнгө жана бир айга белгиленген лимитин түзүп берүүнү Ноокен райондук электр тармактар ишканасынан  суралсын.

2. Кочкор-Ата шаарындагы электр энергиясына болгон чектөөлөргө ылайык өчүрүүнү түнкү саат 12ººдөн таңкы саат 5ººгө чейин уюштуруп берүүнү Ноокен райондук электр тармактар ишканасынан  суралсын.

3. Электр энергиясына болгон лимиттин аткарылышын көзөмөлдөөнү мэриянын өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча адиске милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.

 

Кочкор-Ата шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б.Артыков