Редакцияот 31.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVII сессиясы

 

2014-жылдын 31-октябры № 01-05/129

“Маматов Талантбектин арызы жөнүндө”

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысы Ч.Осоровдун Мурадян көчөсүнүн № 23 үйүнүн 8-батиринин тургуну Маматов Талантбектин жеке менчигиндеги жер үйүнүн профилин өзгөртүп ашкана курууга уруксат сураган арызын жөнөткөн катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 токтому менен бекиткен Жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген типтүү Жобого ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Маматов Талантбектин жеке менчигиндеги жер үйүнүн профилин өзгөртүп ашкана курууга уруксат сураган арызы канааттандырылсын.

2. Турак жай курууга бардык иш кагаздарды даярдап берүү, райондук архитектура жана шаар куруу Башкармалыгынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кочкор-Ата шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кочкор-Ата шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б.Артыков