Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-ноябры № 3
“Шаардык мэриянын “2014-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке өзгөртүү жана толуктоо киргизүү” тууралуу кайрылуу каттары жөнүндө”
Шаардык мэриянын 03.11.2014-жылдагы “2014-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” №03-1/1220, 03-1/1221 жана 03-1/1222 кайрылуу каттары тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Кулуевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXVI- чакырылышынын кезексиз 24 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 03.11.2014-жылдагы “2014-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” №03-1/1220, 03-1/1221 жана 03-1/1222 кайрылуу каттары тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Кулуевдин маалыматы эске алынсын.
2. Шаардык муниципалдык менчик департаментинин бюджетинде каралган “Өспүрүмдөрдүн спорттук мектебинин ички бөлүгүн толук ремонттон өткөрүү үчүн” бөлүнгөн 1050,0 мин сом жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн бюджетинде каралган “№7 “К.Кузембаев” атындагы гимназия класстары бар орто мектебинин буу менен жылытуу системасын ондоо боюнча долбоордун өздүк салымы үчүн” бөлүнгөн 500,0 мин сом алынып, Таш-Көмүр шаарынын 2014-жылдагы бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилип, төмөндөгүлөргө бөлүштүрүлсүн:
- Шаардын Ш.Сыдыков көчөсүндө жайгашкан «Элесинвест» имаратынын чатырчасын алмаштыруу үчүн шаардык муниципалдык менчик департаменти аркылуу – 490,0 мин сом;
- Шамалды-Сай шаарчасынын аймактык башкармалыгындагы жаны курулган чакан футболдук аянтчага жасалма газондун курулуш иштерине Шамалды-Сай аймактык башкармалыгы аркылуу – 100,0 мин сом
- Шамалды-Сай Жалпы дарыгерлер борборунун жылуулук системасын ондоо иштерине Шамалды-Сай аймактык башкармалыгы аркылуу-60,0 мин сом;
- Шаардык жалпы билим берүү жана мектепке чейинки мекемелери тарабынан “МерсиКо” уюумуна эмеректерди алуу үчүн өткөн долбоорлордун өздүк салымы үчүн шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу – 453 600 сом;
-№1 «Мишутка» балдар бакчасынын сырткы аянтчасына чатырчасы менен очоккана курууга шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу – 80,0 мин сом;
-«Үмүт» балдар бакчасынын суу түтүкчөсүн ондоо үчүн шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу – 35,0 мин сом;
-№12 орто мектебинин сахнасынын ремонтуна жана эмерек менен жабдуу үчүн шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу – 120,0 мин сом;
-№6 «Наристе» балдар бакчасынын айланасын тосмо менен тосуу үчүн шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу – 60,0 мин сом;
-2014-жылдын декабрь айына чейинки спорт оюндарына алып барып келүү үчүн Форд-транзит автомашинасына күйүүчү майга кеткен чыгымдарга шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү аркылуу– 40,0 мин сом;
-Шаардык ички иштер бөлүмүнө жаны откана курууга шаардык ички иштер бөлүмү аркылуу–90,0 мин сом;
-Шаардык маданият сарайына дистанциондук микрафондорду сатып алуу үчүн шаардык маданият бөлүмү аркылуу–21 400 сом.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы «Экономика жана бюджет» маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Кулуев) жүктөлсүн
Таш-Көмүр шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Кулдышев М.С |