Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-ноябры № 4
“Шаардык мэриянын 03.11.2014-жылдагы “Шаардык билим берүү бөлүмүндө бала бакчалардан түшкөн атайын каражаттын 2013-жылдын эсебинен калган калдыгын 2014-жылдын IV- кварталынын сметасына киргизүүгө макулдук берүү” жөнүндө №03-1/1221 кайрылуу каты тууралуу”
Шаардык мэриянын 03.11.2014-жылдагы “Шаардык билим берүү бөлүмүндө бала бакчалардан түшкөн атайын каражаттын 2013-жылдын эсебинен калган калдыгын 2014-жылдын IV-кварталынын сметасына киргизүүгө макулдук берүү” жөнүндө №03-1/1221 кайрылуу каты тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Кулуевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXVI- чакырылышынын кезексиз 24 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 03.11.2014-жылдагы “Шаардык билим берүү бөлүмүндө бала бакчалардан түшкөн атайын каражаттын 2013-жылдын эсебинен калган калдыгын 2014-жылдын IV-кварталынын сметасына киргизүүгө макулдук берүү” жөнүндө №03-1/1221 кайрылуу каты тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Кулуевдин маалыматы эске алынсын.
2. Шаардык билим берүү бөлүмүндө бала бакчалардан түшкөн атайын каражаттын 2013-жылдын эсебинен калган калдыгын 224 000 (эки жүз жыйырма төрт мин) сомду 2014-жылдын IV-кварталынын сметасына 2222 –« учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу» статьясына киргизүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы «Экономика жана бюджет» маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Кулуев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Кулдышев М.С |