Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-ноябры № 5
“Шаардык мэриянын 10.10.2014-жылдагы «Биргелешкен баалоо жана мониторинг жүргүзүү тобунун курамын бекитип берүү жөнүндө» №03-3/1149 кайрылуу каты тууралуу”
Шаардык мэриянын 10.10.2014-жылдагы «Биргелешкен баалоо жана мониторинг жүргүзүү тобунун курамын бекитип берүү жөнүндө» №03-3/1149 кайрылуу каты тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Бабатаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезексиз 24–cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 10.10.2014-жылдагы «Биргелешкен баалоо жана мониторинг жүргүзүү тобунун курамын бекитип берүү жөнүндө» №03-3/1149 кайрылуу каты тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Бабатаевдин маалыматы эске алынсын.Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар шаарчасындагы №13 «Теремок» балдар бакчасынын имараттарынын АРИС тарабынан болуп жаткан ремонт ишинин жүрүшүндө коомчулукка ачык айкындыкты камсыз кылууну, курулушту көзөмөлдөөнү, өз убагында курулуштун ийгиликтүү ишке ашуусуна чечим кабыл алууну жана аткарылган жумуштардын сапатын баалоону жүргүзүү боюнча биргелешкен баалоо жана мониторинг жүргүзүү тобунун курамы төмөндөгүдөй курамда бекитилсин:
2. Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар шаарчасындагы №13 «Теремок» балдар бакчасынын имараттарынын АРИС тарабынан болуп жаткан ремонт ишинин жүрүшүндө коомчулукка ачык айкындыкты камсыз кылууну, курулушту көзөмөлдөөнү, өз убагында курулуштун ийгиликтүү ишке ашуусуна чечим кабыл алууну жана аткарылган жумуштардын сапатын баалоону жүргүзүү боюнча биргелешкен баалоо жана мониторинг жүргүзүү тобунун курамы төмөндөгүдөй курамда бекитилсин:
О.Нурманбетов | - шаардык мэриянын жетектөөчү адиси; |
С.Бабатаев | - шаардык Кенештин депутаты; |
Э.Турдукулов | - Кызыл-Жар а/б Аксакалдар Кенешинин төрагасы; |
К.Жылтырбекова | - Кызыл-Жар а/б Аялдар Кенешинин төрайымы; |
М.Молдокеева | «Теремок» бала бакчасынын ата-энелер комитетинин төрайымы |
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (С.Бабатаев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Кулдышев М.С |