Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын-VIII сессиясы
2014-жылдын 1-марты № 34
“Зергер айылдык өкмөтүнүн 2014 жылга
штат бирдиктерин бекитүү жөнүндө”
Зергер айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013 жылдын 8-Июлундагы № 403 токтомунун негизинде сунуш кылынган Зергер айыл өкмөтүнүн штат бирдигин карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зергер айыл өкмөтүнүн штат бирдиги КР Өкмөтүнүн № 403 токтомунда көрсөтүлгөндөй 11417 калктуу конуштарга 16 штат бирдиги бекитилсин.
2. Ушул эле токтомдун экинчи абзастын эскертүүсүндө белгилегендей калктуу пункттун тургундарынын ичинен айыл башчы кызматы каралат, айыл өкмөтүнүн аймагында 7 айыл жайгашкан, ошондуктан 7 айыл башчы кызматы бекитилсин.
3. Ушул эле токтомдун тортунчу абзастын эскертүүсүндө белгилегендей 300дон 1000 ге чейинки аскерге милдетүүлөр жана аскерге чакыруучу бар болсо 2 бошотулган штат бирдиги каралган андан кийин ар бир 1000 аскерге милдетүү жана аскерге чакыруучу болсо 1 штат бирдиги каралат, ошондуктан 2149 аскерге милдетүү жана аскерге чакыруучуларга 3 бошотулган штат бирдиги бекитилсин.
4. Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин “Финансы, экономика, бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багытарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Зергер айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Ибраимов |